EZ Solutions жаңылыктары
Бизде “баары жакшы”, бирок адамдар кетүүдө… Чындыгында, тимбилдинг эмне үчүн керек?
			<description>Бир караганда баары жайында сыяктуу: тапшырмалар аткарылууда, командада конфликт жок. Бирок түпкүрүндө чарчоо, четтөө жана демилгенин төмөндөшү байкалат. Адамдар талашып-тартышпайт, бирок орток максатка да умтулушпайт.</description>
Жаңы жылдык корпоратив –майрамдайбызбы же бизнес-максаттарды көздөйбүзбү?
			<description>Жаңы жылдык корпоратив - кезектеги майрамдык иш-чара эмес. Бизнес ээлери жана HR-адистер үчүн бул корпоративдик маданиятты бекемдеген, кызматкерлердин лоялдуулугун жогорулаткан жана компаниянын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн </description>